БАРК I
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Белгилүү болуп турган өзгөчөлүк, айырма, баалуулугу жагынан болгон айырмачылык, кадыр-барк. Биздин элдин наркы бар, Билсең сөздүн баркы бар («Семетей»). Жакшы менен жамандын Арасында баркы бар (Осмонов). Айганыш жөнөкөйлүгү, билгичтиги менен, адамгерчилиги менен бат эле баркка ээ болгон (Байтемиров). Ырыстуу кыргыз элимде Таалайым бар, баркым бар (Токтогул).